Пресс-борбор

Кайгуул милицияда кадрлар жетишсиз. Инспекторлор канча маяна алары айтылды

Учурда борбор калаанын Кайгуул милициясында жүзгө жакын бош орун бар.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкек Кайгуул милициясынын өкүлү Кубанычбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстанда өткөн маалымат жыйында автоинспекторлор канча маяна аларын айтты.
Бишкек Кайгуул милициясынын өкүлү Кубанычбек Осмоналиев
"Кенже курам 27 миң сомдон жогору, ал эми офицердик курам 30-33 миң сом айлык алат. Апрелде маяна көтөрүлөрү айтылды, бирок азырынча ал тууралуу кеңири маалымат жок. Учурда Кайгуул милициясында кадрлар жетишсиз, жүзгө жакын бош орун бар. Жалпы штат 811 кызматкерге ылайыкталса, азыр 718и иштеп жатат", — деди Осмоналиев.
Кайгуул милициянын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу өткөн жылы пара алуу жана милдетин аткаруудагы кемчиликтери үчүн 406 кызматкер тартип жоопкерчилигине тартылганын билдирди. Аны менен катар эле 425 инспекторго сыйлык ыйгарылган.
Бишкекте орточо айлыктын канча экени айтылды
Пресс-борбор
Кайгуул милиция жөө адамдардын жолдогу негизги каталарын санады