Интерпол издеп жаткан 18 унаа Бишкектен табылды, бешөө Швециядан уурдалган

ИИМдин тийиштүү кызматкерлери машиналарды Бишкектеги автосалондордун биринен тапкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Интерпол улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан эл аралык издөөдөгү 18 автоунааны тапты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкектеги автосалондордун биринен Интерполдун издөөсүндө турган Евробиримдик өлкөлөрүнөн алып келинген бир катар машиналар аныкталган. Анын ичинен премиум-класстагы беш автокөлүк 2020-2021-жылдары Швециядан уурдалганы айтылды. Натыйжада 18 автоунаанын баары айып короого киргизилген.
Азыркы тапта Интерполдун линиясы менен изделип жаткан башка унааларды табуу жана уурдоого катыштыгы бар адамдарды аныктоо максатында кошумча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.
Швецияда уурдалган кымбат автоунаа Ош шаарынан табылды