БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кырсык 19-январда Бишкек — Ош унаа жолунун 152-чакырымында (Токойлуу тилкеси) болгон. Анда Honda Stepwgn жана Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаалар кагышып, жыйынтыгында 51 жаштагы Т. А. аттуу эркек киши каза болгон. Эки эркек адам ар кандай жаракат алганы, учурда алардын аты-жөнү такталып жатканы айтылды.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин беш куткаруучусу тартылып, каза болгон адамды унаадан чыгарып Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.