Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Оор абалда. Алматыда сабалып Кыргызстанга кайтарылган Сыдыковдун видеосу

Алматыда сабалды деген Кыргызстандын тургуну Чолпонбек Сыдыков мекенине алып келинип, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылды.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги мекендештин ооруканага алып келинген учурун видеого түшүрүүгө жетишти. Тез жардам унаасы менен келген Сыдыковду кепке тартууга мүмкүн болгон жок. Оорукананын маалымат катчысы Назгүл Курамаева дарыгерлер консилиум өткөрүп жатканын айтып, анын абалы оор экенин билдирди.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармакта 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыковдун кармалгандыгы тууралуу билдирүү тарап, кийин ТИМ анын Алматыдагы ооруканадан табылганын айткан. Учурда ТИМ Сыдыковду сабагандарды жоопкерчиликке тартуу жана аталган окуяны териштирүү боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Тема боюнча:
Алматыда сабалган Сыдыков. Акыйкатчы Стамбул протоколун түзүүнү сурады
Кыргыз элинин уулу болгонума сыймыктанам! Викрам Рузахуновдун видеокайрылуусу