Бишкек ыш менен күрөшүүнү Улан-Батордон үйрөнөт

Бишкек менен Улан-Батордун кызматташуусу боюнча келишимдин долбоору даярдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
1 / 2

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолукту

2 / 2

Тараптар Бишкек менен Улан-Батор шаарларынын мэрияларынын ортосундагы тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

Тараптар Бишкек менен Улан-Батор шаарларынын мэрияларынын ортосундагы тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.
"Айбек Жунушалиев Бишкек шаарын Монголиянын борбору Улан-Батордун ыш менен күрөшүү тажрыйбасы кызыктырарын айтты. Ал эми Улан-Батор Бишкектен шаарды жашылдандыруу технологиясын үйрөнүүгө даяр экени белгиленди", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет эки өлкөнүн борбор шаарларынын кызматташуусу боюнча келишимдин долбоорун даярдап койгону айтылды.
Радио
Бишкекти каптаган ыштын негизги себеби айтылды