БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Пишпектин биринчи старостасы Илья Терентьевдин архитектуралык эстелик болуп эсептелген үйү реконструкцияланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Бүгүн министр Азамат Жаманкуловдун катышуусунда "Кыргыз реставрация" илим-изилдөө институтунун кызматкерлери жана "Дордой" ассоциациясынын өкүлдөрү менен объектиде көчмө жыйын өттү.
Оңдоп-түзөө иштери бүткөн соң анын кандай багытта колдонула тургандыгы тууралуу азырынча белгисиз. Министрлик бул тууралуу кийинчерээк маалымат бермей болду. Оңдоо иштери жылдын соңуна чейин аяктай турганы айтылууда. Ремонтко болжол менен 11 миллион сом акча керектелет.
Эске салсак, аталган үй XIX-XX кылымдагы Бишкек шаарындагы маанилүү жана тарыхый объектилердин бири болуп саналгандыктан, тарыхый-маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилген.
Анын ээси Илья Терентьев 1848-жылы Россиянын Ижевск шаарында туулган. XIX кылымдын аягында үй-бүлөсү менен бирге Пишпекке (азыркы Бишкек) көчүп келген. 1895-жылы Пишпек шаарынын биринчи старостасы болуп шайланган. Анын ишмердүүлүгү учурунда биринчи оорукана, дарыкана, китепкана, бир нече мектептер, жеке темир устаканалар, наабайканалар жана дүкөндөр ачылган. Анын жетекчилиги астында 1897-жылы шаардын калкын биринчи каттоо өткөн. Ошондой эле Эмен паркы жана Бульвар аллеясы (азыркы Эркиндик бульвары) негизделген.