БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте коронавируска чалдыккандар учурда төрт ооруканадан орун таба алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Саат 10:00гө карата борбор калаадагы стационарларда 177 орун бар.
Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы — 166;
Улуттук хирургия борбору — 5;
№2 клиникалык көп профилдүү оорукана — 3;
№2 клиникалык төрөт үйү — 3.