Экс-депутат Бактыбек Калмаматов абактан бошотулду

Калмаматов социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди.
Сот отуруму бүгүн, 20-январда, өткөн. Маалыматка караганда, саясатчыны 9-февралга чейин тергөө абагында кармоо чечими "9-февралга чейин үй камагына чыгарылсын" деп өзгөртүлдү.
Экс-депутат 22-декабрда "Манас" аэропортунан чет өлкөгө учканы жатканда кармалган.
УКМК билдиргендей, Калмаматов социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар деген маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. УКМК тергөөдө бул маалыматтар тастыкталганын билдирген.
Бажы кызматынын жетекчиси Адилет Кубанычбеков эки айга камакка алынды