Asia Mall соода борборунан бомба изделип жатат. Сүрөт

Учурда издөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат. Милиция кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкектеги Азия Mall соода борбору курчоого алынды.
Ленин райондук милициясынын маалыматына караганда, саат 15:31де соода борбордун ичине бомба коюлганы тууралуу анонимдүү чалуу түшкөн. Жерине ыкчам топ жөнөп кеткен.
Ленин райондук милициясынын маалыматына караганда, саат 15:31де соода борбордун ичине бомба коюлганы тууралуу анонимдүү чалуу түшкөн
"Жарандардын коопсуздугун сактоо максатында имарат курчоого алынып, ичиндеги адамдар эвакуацияланды. Жерине УКМКнын да кызматкерлери келди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда издөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат. Милиция кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады.
Милиция Беларусь элчилиги курчоого алынган себебин айтты