Аймактык тескөөчүлөрдүн төшүнө камера тагылып, иши көзөмөлдөнөт. Сүрөт

Мониторинг бөлмөсүнө чоң монитор коюлуп, ал жерден ар бир кыймыл-аракетке байкоо салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Аймактык тескөөчүлөрдүн төшүнө камера тагылып, жумуш учурундагы иш-аракеттери көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
1 / 3

Аймактык тескөөчүлөрдүн төшүнө камера тагылып, жумуш учурундагы иш-аракеттери көзөмөлдөнөт

2 / 3

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков бүгүн жаңы ачылган мониторинг жүргүзүү бөлмөсүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты

3 / 3

Ал жерде аймактык тескөөчүлөргө тагылган камералар жана милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт.

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков бүгүн жаңы ачылган мониторинг жүргүзүү бөлмөсүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал жерде аймактык тескөөчүлөргө тагылган камералар жана милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт.
"ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине боди камералар берилип, алар Бишкек шаарынын эл көп топтолгон базарларына жана райондук соттун имаратына жөнөтүлүп, иштөө өзгөчөлүктөрүн практика жүзүндө көрсөтүштү. Анда үн жана видео жазууларынын сапаты мыкты экени аныкталды. Ошондой эле эки метр бийиктиктен түшүп кетсе да, сууга салса да бузулбай иштей берет", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, милициянын автоунааларына дагы боди камераларды орнотуу пландалып жатканы кошумчаланды.
Аталган иш-чаралар ички иштер органдарын реформалоонун алкагында жана милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында жасалууда.
Пресс-борбор
Кайгуул милицияда кадрлар жетишсиз. Инспекторлор канча маяна алары айтылды