WhatsApp колдонуучуларга жаңы, чыгармачыл функция тартуулайт

Аталган мессенжерде эгерде колдонуучу кааласа тартылган сүрөттүн тунуктугун жоготкон кызмат да жаралышы ыктымал экендигин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жакында колдонуучуларына сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк жаратып берет деп билдирди порталы.
Жаңыланган бета-версияда сүрөт тарткан инструменттер бар экени айтылат. WhatsApp мессенжеринин ичиндеги редактор жаңы карандаштар менен толукталган. Анда фотого жана видеого калыңыраак сызык менен сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк берилген.
"Азыр карандаштын түсүн өзгөртө аласыз, бирок штрихти жоон же ичке кылууга болбойт", — деп айтылган маалыматта.
Аталган мессенжерде тартылган сүрөттүн тунуктугун жоготкон кызмат да жаралышы ыктымал, бул башкаларга жөнөтөр алдында анын кээ бир жерлерин зарыл болсо жашырып койгонго жардамчы болот.
Портал жаңы функциянын азырынча Android түзүмүнүн 2.22.3.5 версиясы үчүн жеткиликтүү экенин билдирди. Аны жалпы эл качан колдоно баштаары жазылган эмес.
Телефон номерин билген шылуундар дагы кандай маалымат ала алат. Сактануунун жолу