Кыргызстан алтынчы сапта. Суюлтулган газдын баасы боюнча дүйнөлүк рейтинг

Дүйнө жүзүндө суюлтулган газдын бир литринин орточо баасы 0,78 доллар болсо, Кыргызстанда 0,419 доллар турат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстан суюлтулган газдын арзандыгы боюнча дүйнөлүк рейтингде алтынчы сапта турат. Бул тууралуу республиканын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.
Рейтинг Globalpetrolprices.com порталы тарабынан түзүлгөн. Анда 55 мамлекет камтылган. Маалыматка караганда, дүйнө жүзүндө суюлтулган газдын бир литринин орточо баасы 0,78 доллар болсо, Кыргызстанда 0,419 доллар турат.
Бешинчи орунда Россия. Бул жакта суюлтулган газдын литри 0,399 доллардан сатылууда. Жетинчи сапта Беларусь — 0,476 доллар.
Акыркы кезде суюлтулган газды керектөө көлөмү өсүүдө. Кыргызстанда 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 66 тоннадан ашкан. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда суюлтулган газды 65 миң айдоочу колдонору айтылды.
Bloomberg: мунай экспорттогон Кувейт жашоого жараксыз аймакка айланып баратат