БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун тууралуу сураган депутат Шаирбек Ташиевге жооп бербей койду.
"Былтыр уу коргошун кайнатып ичип жаттыңыз эле, пайдасы бар бекен?" — деп кызыкты Ташиев.
Министр бул суроону уккандан кийин күлүп жиберди.
"Мен былтыркы депутаттар жана журналисттердин сөзүнөн кийин уу коргошун жөнүндө айтпай эле коёюн дегем. Мен сизге өзүнчө жолукканда айтып берейинчи", — деди Бейшеналиев.
Ташиев буга макул болуп, вакцина тууралуу айтып жаткандан кийин ал маселе эмне болгонун билүүгө кызыкканын ырастады.
Андан соң депутат Орозайым Нарматова дагы: "Мурда айтканыңыздай, уу коргошундун рецебин сатып жатасыздарбы?" — деп сурады эле ага да өзүнчө жолугуп жооп берүүнү убадалады.
Уу коргошун чуусу
2021-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров коронавирустан уу коргошун менен айыктыруу ыкмасын тапканын жарыялаган. Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул дары чөптү кайнатып ичүүнү сунуштап, маалымат жыйында ичип көрсөтүп берген.