Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

РФ ТИМи: Казакстанда даярдыктан өткөн согушкерлер төңкөрүш жасоого аракет кылды

Олег Сыромолотовдун айтымында, башаламандык учурунда Казакстандын мамлекеттүүлүгүнө бир топ коркунуч жаралган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Казакстандагы тынчтык митингин колдонуп кетүүгө бийликти күч менен басып алууга кызыкдар болгон тараптар аракет кылышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине берген маегинде Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Олег Сыромолотов билдирди.
Анын айтымында, Казакстандын мамлекеттүүлүгүнө жана коопсуздугуна бир топ коркунуч жаралган.
"Социалдык-экономикалык мүнөздөгү нааразычылык акцияларын бийликти күч менен басып алууну каалаган тараптар колдонуп кетүүгө жан үрөдү. Алар өлкө ичиндеги саясий абалды курчутууга аракет кылышты", — деди дипломат.
Сыромолотовдун жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматтарына таянып айткандарына караганда, "башаламандыкка чет элдиктер жана башка өлкөлөрдө атайын даярдыктан өтүп келген согушкерлер катышкан". Ошондой эле ал бир канча багытта иш алып барган бандиттик топтордун негизги максаты мамлекеттик төңкөрүш болгонун билдирди.
Мындан тышкары, ТИМ өкүлү Казакстандагы башаламандык учурунда ЖККУнун тынчтык орнотуучулук миссиясы эл аралык террордук топторго каршы туруу боюнча эффективдүүлүгүн көрсөтө алганын кошумчалады.
Лавров: сырткы күчтөр Борбор Азияны алсыратууга кызыкдар болуп турат
"Казакстанда сырткы, террордук күчтөр аракет кыла баштаган соң ЖККУ өзүнүн тынчтык орнотуучуларын киргизүү чечимин кабыл алды. Буга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун макулдашууларындагы 4-берене мүмкүнчүлүк берди. Тынчтык орнотуу миссиясы Казакстандагы сыяктуу коркунучтарга татыктуу туруштук бере алары дагы бир ирет тастыкталды", — деди Сыромолотов.
Жыл жаңырары менен Казакстандын батышында газдын кымбатташына байланыштуу митинг өтүп, ал кийинки күндөрү башка жактарда уланып массалык башаламандыкка айланып кеткен. Президент Касым-Жомарт Токаев мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атап, ЖККУга жардам сурап кайрылган. Келишимдин алкагында Кыргызстандан 150 аскер барып келди.
Казакстандын бийлиги башаламандыкта өлкө боюнча жалпы жонунан 225 киши каза болгонун жарыялады. Ушу тапта коңшу мамлекетте абал туруктуу.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыда көчөлөр жабылып, антитеррордук операция жүрүүдө. Видео