Радио

Жүндүбаева: карыларды коронавируска каршы бустердик доза алууга чакырабыз

№19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Гүлнара Жүндүбаева кыш мезгилине байланыштуу сасык тумоо да күчөп, эпидемиологиялык кырдаалды оорлотуп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Өнөкөт оорусу бар адамдарды коронавирустун "омикрон" штаммынан сактануу үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырып жатабыз. Алар тобокелчилик тобуна киргендиктен вирустун кооптуулугу жогору. Бул тууралуу Гүлнара Жүндүбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коронавирустун "дельта" штаммына караганда "омикрондун" кооптуулугу азыраак, жеңил өтөт деген туура эмес түшүнүктөрдөн улам эрежелерди сактабагандар көп.
"Учурда өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну жүрүп, эпидемиологиялык абал оор болуп турат. Эл буга чейин айтылып келген санитардык эрежелерди сактабай жатат. Жакында гана COVID-19дун "омикрон" штаммы Кыргызстанда аныкталды. Анын "дельта" штаммынан негизги айырмасы мутациясы көп болуп, абдан тез жугат. Мындан улам өнөкөт оорусу бар, жашы 60тан өткөн адамдарды "омикрондон" сактануу үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырып жатабыз. "Омикрон" жугузгандар ооруну жеңил өткөргөнү байкалууда. Бирок кооптуулугу азыраак, жеңил өтөт деген туура эмес түшүнүктөрдөн улам эрежелерди сактабагандар көп", — деди Жүндүбаева.
Ошондой эле адис кош бойлуу келиндер ден соолугуна дыкат көңүл буруп, дарыгер менен тыгыз байланышта болуп турушу керектигин кошумчалады.