Акысыз! Кеминдеги мобилдик клиника жаздан баштап Балыкчыга барат

Мобилдик клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммография, рентген аппараты иштеп, акысыз кызмат көрсөтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Учурда Чүйдүн Кемин районунда иштеп жаткан мультидиагностикалык мобилдик клиника жаз мезгилинен тарта Балыкчы шаарына барат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган мобилдик клиниканын Кемин районундагы миссиясы февраль айынын аягында аяктайт.
Эске салсак, жүк ташуучу унааларга орнотулуп, сегиз бөлүктөн (трейлерден) турган мобилдик клиника Кыргызстанга 2021-жылдын ноябрь айында алып келинип, алгач Кеминге жөнөтүлгөн. Бул аралыкта ал жактагы 9 миң тургун медициналык кароодон өткөн.
Мобилдик клиниканын базасында заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммография, рентген аппараты иштейт.
Мындан сырткары, биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү бар. Мунун баарынан тургундар акысыз өтө алышат. Ал беш жыл аралыгында өлкөнүн бардык аймактарын кыдырат.
Бишкекке беш трейлерден турган мобилдик клиника келди. Сүрөттөр
Байсалов: эми ПЦР-тест алуу токтотулат, COVID аныкталган мектептер жабылбайт