Чалдыбардан илбирстин териси менен башы салынган баштык табылды. Сүрөт

Шектүү качып кетүүгө жетишкен. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Чүй облусуна караган Чалдыбар айылынын Казакстан менен чектеш аймагынан илбирстин териси жана башы салынган баштык табылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Чүй облусуна караган Чалдыбар айылынын Казакстан менен чектеш аймагынан илбирстин териси жана башы салынган баштык табылды
Маалыматка караганда, чек арачы Казакстан менен чектеш аймактарга көз салуу учурунда кап көтөргөн эркек адамды байкаган.
"Чек арачы чек араны бузган киши тууралуу дароо кесиптештерине кабар берип, өзү аны кууп жетүүгө аракет кылган. Жаран аны көздөй келе жаткан кишини көрүп капты мамлекеттик чек арадан алыс эмес жерге ыргытып жиберген. Өзү Кыргызстандын аймагында бекинип калган. Жетип келген чек арачылар каптан илбирстин терисин жана баш сөөгүн табышты", — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү иш кагаздары толтурулган соң илбирстин терисин жана баш сөөгү мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүп берилди. Шектүү изделип жатат.
Чарчап, демигип жата калган илбирс. Казакстанда тартылган видео