Кыргыз ыр-күүлөрүнө негизделген "Этносольфеджио" китеби жарык көрдү

Маалыматка караганда, Советтер Союзу урагандан кийин дагы кыргыз музыканттары славяндардын жана батыш европа элинин музыкалык мурасына негизделген сольфеджио сабагын окуп келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Кыргыз Кайрык" музыкалык долбоорунун алкагында "Этносольфеджио" музыкалык жыйнагы чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук Азия университетинен кабарлады.
"Кыргыз Кайрык" музыкалык долбоорунун алкагында "Этносольфеджио" музыкалык жыйнагы чыгарылды
Маалыматка караганда, Советтер Союзу урагандан кийин дагы кыргыз музыканттары славяндардын жана батыш европа элинин музыкалык мурасына негизделген сольфеджио сабагын окуп келишкен.
Маалыматка караганда, Советтер Союзу урагандан кийин дагы кыргыз музыканттары славяндардын жана батыш европа элинин музыкалык мурасына негизделген сольфеджио сабагын окуп келишкен
Мындан улам аталган окуу жайдын маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмү "Кыргыз Кайрык" музыкалык долбоорунун алкагында этносольфеджио боюнча жыйнактын басып чыгарылышына колдоо көрсөттү.
Мындан улам аталган окуу жайдын маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмү "Кыргыз Кайрык" музыкалык долбоорунун алкагында этносольфеджио боюнча жыйнактын басып чыгарылышына колдоо көрсөттү
Китепти чыгаруунун негизги максаты — музыкалык мурастарды сактап калуу мүдөөсү менен жаш музыканттарына кыргыздын салттуу классикасынын мыкты үлгүлөрүн окуп үйрөнүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү.
"Бул жыйнакта кыргыз оозеки салттагы профессионалдык музыкасынын архивинен алынган музыкалык фрагменттер, ошондой эле кыргыз композиторлорунун автордук чыгармаларынын үлгүлөрү камтылды. Окуу куралы бардык деңгээлдеги кесиптик музыкалык окуу жайлардын студенттери үчүн маанилүү", — деп айтылат билдирүүдө.
Жыйнакты көчүрүп алса болот.
Режиссер Байымбетов: кыргыз маданиятын көрсөтүү үчүн билим жана деңгээл керек