Камалгандар кызматка дайындалабы? Депутаттар Байсаловду этият сүйлөөгө чакырды

Аткаминер парламентте "Кыргызстанда камала элек саясатчы калбады" деген пикирин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду этияттап сүйлөөгө чакырды.
Парламенттин бүгүнкү жыйынында аткаминер "Кыргызстанда камала элек саясатчы калбады" деген пикирин айткан.
"Эдил Жолдубаевич, этияттап сүйлөп жүрсөңүз. "Баары барып келген, отуруп келген" деген сөздү минтип эмоционалдуу айтпашыңыз керек. Сиз элдин баарын үндөп, камалып келгиле, ошол жакта окуу бар дегендей айтып жатасыз. Мындан кийин этияттап сүйлөңүз", — деп эскертүү берди депутат Кундузбек Сулайманов.
Дагы бир эл өкүлү Айбек Маткеримов да аткаминерди абайлап жооп берүүгө чакырды.
"Саясатчылардын баары камалган" дейсиз. Эмне чоң кызматка барыш үчүн баары камалып чыгыш керекпи же ошондой критерий киргизип койдуңуздарбы? Мындайда ойлонуп жооп берсеңиз", — деди Маткеримов.
Эдил Байсалов депутаттардын эскертүүсүнө жооп берген жок.
Куру кыйкырык салбаңыз! Байсалов парламентте Бекешев менен айтыша кетти