Таң эртеден тарта туманга чулганган Бишкек. Сүрөт баян

Борбор калаада түш оой кар жаады, ал эми шаардыктар таңда коюу туманга күбө болду. Sputnik Кыргызстан январдагы Бишкектин бир күнүн окурмандарга сүрөт менен баяндап бермекчи.
Sputnik
Кышындагы туман абанын муздашынан, тагыраагы, төмөнкү температурада суунун конденсациясынан чыккан буудан жаралат. Адатта бул кубулуш түндө, таңда жана кечинде кездешет.
Акыркы күндөрү калаа тургундары тумандуу Бишкектин көрүнүшүнө көбүрөөк күбө боло баштады. Жаратылыштын бул кубулушу адамзаттын жашоосуна өзүнүн кедергисин тийгизет, маселен, транспорттун кайсы түрү болбосун кооптуулук жаралат. Алардын ичинде, албетте, авиация да бар.
1 / 10

Бишкектин башкы көчөлөрүнүн бири. Кышындагы туман абанын муздашынан жаралат.

2 / 10

Төмөнкү температурада суунун конденсациясынан буу бөлүнүп чыгат

3 / 10

Адатта бул кубулуш түндө, таңда жана кечинде кездешет

4 / 10

Туман транспорттун кайсы түрү болбосун, катташына кооптуулук жаратат

5 / 10

Туман кээде күндүз да түшүп калышы мүмкүн

6 / 10

Коюу туманда бир нече метр аралык да көрүнбөй калат

7 / 10

Январь айы. Бишкектин тумандуу көчөлөрүнүн бири.

8 / 10

Жаратылыштын бул кубулушу бир нече сааттан тарта...

9 / 10

... бир нече күнгө чейин созулушу мүмкүн

10 / 10

Январдагы кайыңдуу тротуар