Бишкектин конушун каптаган белгисиз курт-кумурсканын видеосу. Мэрия эмне дейт?

Аталган курт-кумурсканын кайдан чыкканын аныктоо үчүн адистер жерине барары кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Интернетте Бишкектин четиндеги Орок жаңы конушун белгисиз курт-кумурскалар каптаган видео тарады.
Мэрия видеонун автору менен байланышкан. Анда "Бишкекзеленхоз" ишканасы энтомологдорго таянып курт-кумурскалардын зыяны жок экенин билдирген.
"Кыш жылуу болгондуктан бул курттар ойгонуп жер алдынан чыккан. Негизи алар жазга чейин жер алдында жатмак. Алар чөп жейт, шаарда да кездешет. Энтомологдор аба ырайы муздаганда бул курттар өлөрүн айтышкан", — деп жазылат мэриянын маалыматында.
Аталган курт-кумурсканын кайдан чыкканын аныктоо үчүн адистер жерине барары кошумчаланды.
Медициналык бет каптан мите курт чыктыбы? Микроскоп менен текшерген видео