Бишкектиктерди Беларустан алынган автобустар ташый баштайт. Транспорттун сүрөтү

"Минск автоунаа заводу" ишканасынын өкүлдөрү жүргүнчү ташыган жаңы автобустун презентациясын жасашкан. Транспорт Бишкекте үч ай сыналмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясында Беларуста өндүрүлгөн жүргүнчү ташыган жаңы автобустун презентациясы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Бишкек мэриясында Беларуста өндүрүлгөн жүргүнчү ташыган жаңы автобустун презентациясы өттү

2 / 4

МАЗ 206946 маркасындагы автобусту "Минск автоунаа заводу" ишканасынын өкүлдөрү көрсөткөн

3 / 4

Аталган транспорт үч ай Бишкекте сыналмакчы

4 / 4

Мэрия бул автобустун шаар ичинде эл ташууга ылайыкташканын белгиледи.

Ага ылайык, МАЗ 206946 маркасындагы автобусту "Минск автоунаа заводу" ишканасынын өкүлдөрү көрсөткөн. Аталган транспорт үч ай Бишкекте сыналмакчы.
Мэрия бул автобустун шаар ичинде эл ташууга ылайыкташканын белгиледи.
Коомдук транспортто майыптыгы барларга да ылайыктуу шарттар түзүлгөн. Маселен, арабада отурган адам ага кирип, чыга алат.
Эске салсак, былтыркы жылдын ноябрь айында калаа мэри Айбек Жунушалиев Минскидеги автобус өндүргөн заводго барып келген.
Бийлик качан окуучуларга автобус бөлүп берет. Документтеги пландар