Бажы кызматынын жетекчиси Адилет Кубанычбеков эки айга камакка алынды

Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын коргогон деп шек жаратууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековдун бөгөт чарасын тандады.
Соттун 19-январда чыккан чечимине ылайык, Кубанычбеков 2022-жылдын 17-мартына чейин УКМКнын тергөө абагында кармалып турмай болду.
Эске салсак, 2022-жылдын 17-январында Бажы кызматынын жетекчиси Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалган. Ал товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын коргогон деп айыпталууда.
Жоомарт Оторбаевге өкүм чыгып, 300 миң сом айып салынды