Жалал-Абаддагы облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмү оңдолду. Сүрөт

Имарат 1984-жылдан бери ремонттолгон эмес. Азыр чатыры жаңыланып, эшик-терезелери алмаштырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берүү алдында турат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
1 / 3

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берүү алдында турат

2 / 3

Учурда мекемеде тазалоо жумуштары аткарылып жатканы белгиленди

3 / 3

Ремонттоо иштери өткөн жылдын август айында башталган. Анын алкагында имараттын чатыры жаңыланып, эшик-терезелери алмаштырылды.

Учурда мекемеде тазалоо жумуштары аткарылып жатканы белгиленди.
Ремонттоо иштери өткөн жылдын август айында башталган. Анын алкагында имараттын чатыры жаңыланып, эшик-терезелери алмаштырылды. Жумуштарга жалпы 15 миллион сом акча сарпталып, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.
Облустук клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү 40 орундуу, бирок пандемияга байланыштуу 80 орунга көбөйтүлгөн.
Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 1984-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Буга чейин толук шарты жок мекемеде оорулуулар менен бирге кызматкерлер үчүн да кыйынчылыктар жаралып келгени белгиленет.
Мындан сырткары, облустагы медициналык мекемелердеги шарттарды жакшыртуу максатында Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүнүн Бек-Абад айылында жайгашкан оорукананын терапия бөлүмү, Таш-Көмүр шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмү да оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Жалал-Абад облустук ооруканасына ууруга кирген үч киши кармалды. Сүрөт