Уча турган суперкар жасалып, абага көтөрүлдү. Видео

Volar компаниясы абага көтөрүлө турган суперкар иштеп чыкты. Сыртынан караганда бул автоунаа укмуштуудай көрүнгөнү менен ички механизми өтө жеңил.
Sputnik
Видеодо көрүнүп тургандай, суперкар учуп жүрөт. "Популярная механика" порталынын жазганына караганда, эгер кузовдун дизайны абанын агымына тоскоолдук кылбай турган болсо, анын мындан дагы жакшы учушуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азырынча бул автоунаада кыймылдаткыч коюлган эмес, мультикоптер механизминин негизинде иштеп жатат.