Тажикстанда Россиянын аскерлери катышкан машыгуу башталды

Аскерлер машыгууну ок атуучу куралдын бардык түрүн жана аскердик унааларды колдонуп өткөрөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россиянын Тажикстандагы аскер базасынын полигонунда 1 000 аскер кызматкери катышкан машыгуу башталды. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
"Россиянын аскер базасынын 201-түзүмүнүн 1 000 аскери катышкан машыгуу Тажикстандагы Ляур жана Самбули полигондорунда башталды. Машыгуу учурунда жеке түзүм аскердик авиация жана артиллериянын жардамы менен сокку уруучу жана ок атуучу комплекстерин колдонуп, коргонуу жана чабуул коюу көндүмдөрүн арттырат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, алар ок чыгарган куралдын бардык түрүн жана аскердик унааларды колдонору айтылды.
Борбор Азиянын коопсуз жашоосу үчүн эмне керек. Жыл ичиндеги урунттуу учурлар