100 үйдү жалмаган өрттөн тарта таштандыда калган пилдерге чейин. Сүрөт түрмөк

Фин булуңундагы түндүк уюл шооласы, Бразилиядагы ташкын жана Чилидеги өрт...
Sputnik
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө эмне окуялар болгондугун сүрөт менен баяндап бермекчи.
1 / 14

Кум талаадагы техниканын жарышы. Сауд Аравиясында Дакар-2022 раллисинин 8-этабы уланып жатат

2 / 14

Токио шаарындагы Teppozu Inari храмынын короосунда өтүп жаткан муздак сууга түшкөн ырым

3 / 14

Алматыдагы башаламандыктан соң ак жеринен күнөөгө жыгылып кармалган кыргызстандык Викрам Рузахунов 10-январда мекенине кайтып келди

4 / 14

Бразилиянын Минас-Жерайс штатындагы суу ташкыны он миңдеген кишилерди коопсуз жайга чыгып кетүүгө аргасыз кылды

5 / 14

Бул кинодогу кадрлар эмес, болгону Эль-Кувейт шаарындагы эртең мененки көрүнүш

6 / 14

Талибдер Афганистандагы Вазир Акбар Хан дөңсөөсүндө турат.

7 / 14

Алп толкундар жана анын алдында чекит сымал болгон адамзат. Португалиядагы Прайя-ду-Норти аймагындагы серфер.

8 / 14

Жакаңды карматкан искусство. Ньюкасл-апон-Тайн (Улуу Британия) шаарындагы шоу.

9 / 14

Килем токуп жаткан энесинин жанында ойноп жаткан беш жашар бөбөк. Пешавар (Пакистан).

10 / 14

Индия армиясынын жоокерлери Нью-Делиде Республика күнүнө арналган салтанатка көрүлгөн даярдыкта. Майрам 26-январда болот.

11 / 14

Кеминде жүз үйдү жалмап кетип, 400гө чукул кишини талаада калтырган тилсиз жоо. Чилинин түндүгүндөгү Икик шаарындагы өрттүн асмандан тартылган сүрөтү.

12 / 14

Жапайы пилдер таштандыдан тамак издеп жаткан учур. Ампара (Шри-Ланка).

13 / 14

Фин булуңундагы түндүк жаркырагы (Россия)

14 / 14

Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кени. Бул жерден суткасына жарым тоннага жакын порода казып алынат. Анын 17-18 миң тоннасы алтын ылгай турган фабрикага жөнөтүлөт.

Тема боюнча:
Аюулардын "үлпөт тою", сейилге чыккан көпөлөк... Жаратылыштын укмуштуу 18 сүрөтү
Дүйнөдөгү укмуштуудай кооз тарыхый жайлар. 15 сүрөт
Канаттуу сүрөтчүлөр. Чымчыктар жараткан ойго келбеген 10 көрүнүш