Ошто изделип жаткан 71 жаштагы аялдын сөөгү суудан табылды

Ал 12-январь күнү болжол менен саат 14:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Алгач туугандары аны өз алдынча издешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Оштун Алай районунда изделип жаткан 71 жаштагы Бактыгүл Үсөнованын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ал 12-январь күнү болжол менен саат 14:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Издөө иштери жүргүзүлүп жатканын облустук милициядан кабарлашкан.
"Издөөгө төрт куткаруучу, ИИМдин 15 кызматкери жана туугандарынан үч адам тартылган. Бүгүн саат 11:10до дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү суудан табылды", — деп айтылат билдирүүдө.
ӨКМден кошумчалашкандай, аялдын туугандары алгач аны өз алдынча издешкен. Анын кийимдери Гүлчө суусунун жээгинен табылган. Кийин ИИМ кызматкерлери издөө иштерине көмөк көрсөтүү үчүн ӨКМге жардам сурап кайрылган.
Ошто бир жумадан бери 61 жаштагы киши изделүүдө. Сүрөт