Алтындын кору декабрда 5,9 млрд. сомго өстү. Улуттук банктын маалыматы

Былтыр алтындын запасы өйдө-ылдый болуп турган. Майдын башында 99 миллиард болсо, бир нече айдан кийин үч эседен да көбүрөөк түшүп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Былтыркы жылдын декабрь айында Улуттук банктын маалыматы боюнча алтындын корунун баасы 5 миллиард 857,5 миллион сомго өстү.
1-декабрга карата наркы 44 миллиард 301,6 миллион сомду түзгөн. Бирок январда жогорулап, 50 миллиард 159,1 миллион сомго чыкты.
Эске салсак, былтыркы жылдын башында алтындын запасы 84,7 миллиард сом деп бааланган, андан көп өтпөй бир аз түшүп кеткен. Ал эми майдын башына карата рекорддук көрсөткүчкө, 99 миллиардга чыккан. Сентябрдын башында 29 миллиард сом болуп калган. Андан соң жогорулап отуруп 40 миллиардга жетип, кайра олку-солку боло баштаган.
Алтын-валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп турганга мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан, CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтындан турат.
Улуттук банктын алтын запасы ноябрда 4 млрд. сомго азайды