Кыргызстанда өзгөчө учурларда 12 жаштагы балдар да эмделе баштады

Каалаган жарандардын баары 16 жашка чыккандан кийин гана Pfizer вакцинасын ала алат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстанда айрым категориялар боюнча балдарды 12 жаштан тарта коронавируска каршы эмдөөгө уруксат берилди. Бул туурасында Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Буга чейин ЖМКлар өлкөдө 12 жаштан өткөн балдар вакцина ала баштаганын жазган эле.
Ишенапысова эмделүүнү каалаган балдар 16 жашка чыккандан кийин гана Pfizer вакцинасын ала аларын айтты. Учурда бул категориядагы 5-6 миң адам эмделген.
Ал эми 12 жаштагы балдар үй-бүлөсү чет өлкөгө кетип жатса, ал жакта вакцинация талап кылынган болсо ата-энесинин көзөмөлүндө эмделет.
"Өлкөдө 100гө жакын мындай учур бар. Алар Pfizer гана алышат. Мындан ары кырдаалды ДССУнун сунуштамалары боюнча карайбыз", — деди дарыгер.
Ошондой эле ал Бишкекте 12 жашка чыккан жана андан жогорку курактагы балдарга №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө жасаларын кошумчалады.
Күчөгөн COVID: министрлик кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарга эскертүү берди