Радио

Эгембердиева: оң жана терс резус-фактордогу жубайлар оорулуу балалуу болушат

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева балалуу болууда кездешүүчү көйгөй тууралуу, тагыраагы, резус-конфликт түшүнүгүн айтып берди.
Sputnik
Кандын оң жана терс резус-фактору — түйүлдүккө таасир этүүчү дагы бир чоң көйгөй. Кан группага бөлүнгөндөн тышкары оң жана терс резус-факторго бөлүнөт. Резус-фактор адамдын канынын тубаса өзгөчөлүгү. Өзгөрбөйт жана тукум кууйт. Бул тууралуу Айжаркын Эгембердиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эгер аялдын резус-фактору терс болсо кош бойлуу болгонго чейин иммуноглобулин алышы керек. Бул вакцина сыяктуу түйүлдүктүн өсүүнө жакшы шарт түзөт.
"Оң резус-факторго ээ эркек менен терс резус-факторго ээ аялдан көбүнчө оң резус-фактордогу (атасыныкындай) наристе төрөлөт. Белгилей кетсем, дал ушундай жуптар (оң жана терс резус-фактор) көбүнчө экинчи төрөтүнөн баштап көйгөйгө туш болушат. Анткени бойго бүткөндөн кийин эненин организми баланы "жерип" баштайт. Мындай учурда бойдон түшүп же төрөсө да наристе өлүк же оорулуу төрөлүшү мүмкүн. Мунун баары эненин жана түйүлдүктүн канынын резус-конфликти менен түшүндүрүлөт. Анткен менен аял тун баласын дени сак төрөшү толук ыктымал. Ал эми биринчи төрөттөн кийин аялдагы антигендин да, антителонун да саны көбөйө баштайт. Антитело түйүлдүктөгү оң резустагы эритроциттерди зыянга учуратат. Бул илимде "резус-конфликт" деп аталат. Натыйжада түйүлдүк кан ооруларына (гемолитическая анемия) учурайт", — деди Эгембердиева.
Адис каны терс резустагы эне каны оң резустагы эркектен экинчи же үчүнчү баласын төрөөнү пландаса дарыгерге көрүнүп, канындагы антителонун өлчөмүн сөзсүз текшертүүсү керектигин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: