Арзыбек Кожошев Ишкерлерди тейлөө борборундагы шалаакылыкты катуу сындады

Кожошев өткөн жумада борборго күтүүсүз кирип барганда жумушта тогуз кызматкердин бешөө гана отурган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборун күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборун күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу кеңешме өткөрдү

2 / 4

Белгилей кетсек, 14-январь күнү Кожошев ишкерлердин көптөгөн даттанууларынан улам борборго барганда жумушта тогуз кызматкердин бешөө гана отурган

3 / 4

Ал кеңешменин жүрүшүндө Ишкерлерди тейлөө борборунун жетекчилигинин жоопкерчиликсиздигин белгилеп, ишин катуу сынга алды

4 / 4

Ошондой эле ал шалаакы кызматкерлерге дисциплинардык чара көрүлөрүн белгилеп, бир жуманын аралыгында борбордун эффективдүүлүгүн жакшыртуу иш-чараларынын планын даярдоо менен ишин жөнгө салууга тапшырма берген.

Белгилей кетсек, 14-январь күнү Кожошев ишкерлердин көптөгөн даттанууларынан улам борборго барганда жумушта тогуз кызматкердин бешөө гана отурган.
Ал кеңешменин жүрүшүндө Ишкерлерди тейлөө борборунун жетекчилигинин жоопкерчиликсиздигин белгилеп, ишин катуу сынга алды.
"Бул борбор жөн эле көз боёмочулук үчүн эмес, ишкерликти өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Анын ишин кайра карап чыгып, өз ара кызматташууну жакшыртып, ыкчам башкаруу өзгөчө көзөмөлгө алынышы керек. Жооптуу кызматкерлер жарандарды кайра министрликтерге жөнөтүп коюп отура бербестен, керектүү маалыматтарды ошол жерден айтып бериши абзел", — деди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.
Ошондой эле ал шалаакы кызматкерлерге дисциплинардык чара көрүлөрүн белгилеп, бир жуманын аралыгында борбордун эффективдүүлүгүн жакшыртуу иш-чараларынын планын даярдоо менен ишин жөнгө салууга тапшырма берген.
Өлкөдө карыз алгандардын дооматын иликтөөчү комиссия түзүлдү