Бүгүн Бишкектеги кудуктардын биринен кишинин сөөгү табылды. Сүрөт

Маркумду Бөкөнбаев көчөсүндөгү кудуктардын биринен төрт куткаруучу барып алып чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагынан, Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги кудуктун ичинен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кабар түшкөндөн кийин ал жерге барган ӨКМдин төрт куткаруучусу сөөктү алып чыккан. Маркум 41 жаштагы А.Ж. аттуу жаран экендиги аныкталып, аны куткаруучулар милицияга өткөрүп беришкен.
Ошто изделип жаткан 71 жаштагы аялдын сөөгү суудан табылды