Мамлекеттин идеологиясынын жоктугу мектепке, жалпы билим берүү системасына чоң сокку урду. Мындай пикирин Орозали Сайдилканов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, билим берүү окутуп, тарбиялап жана балдарды өнүктүрүүдөн турат.
"Билим берүүнүн эгемендүүлүк жылдарда абалы кескин начарлап кетишинин үч негизги себеби бар. Биринчиден, мамлекеттин идеологиясынын жоктугу бул багытка чоң сокку урду. Мектептер улуттук багыттагы педагогиканы же кандайдыр бир эрежеге салынган окутууну колдоно албай калышты. Мунун кесепетин азыркы учурда социалдык тармактардын колдонуучуларынан эле көрсөк болот. Ызырынып, кагып-силкип, уят сөздөргө чейин колдонуп жазган посттор көбөйдү. Ал тургай коомдун баарлашуу маданияты ушундай болуп баратат. Мунун бардыгы ошол идеологиянын жоктугунан, адамдардын жан дүйнөсү ачка болгондон пайда болуп жатат. Экинчиден, Советтер Союзунан калган авторитардык тарбия дале күчүндө. Бирок биз негизги нерсени унутуп калдык. СССРде авторитардык билим берүү системасы болгону менен балдарды кызыктырган уюмдар, коллективдештирүү, мекенди сүйүү идеологиясы абдан жакшы иштечү, азыр булар аткарылбай калды. Үчүнчү абал жогорудагы экөөнөн улам келип чыгууда. Тактап айтканда, биз балдарды жан дүйнөсү таза, өзүнчө бир уникалдуу зат катары карабай калдык. Алардын ой жүгүртүүсүнүн өсүшүнө, логика, философияга кызыгышына көңүл бурбай келебиз. Билим берүүдө реформа жасоодо мына ушулардын баары эске алынышы шарт эле. Башкача айтканда, мамлекет бир эле министрликтин деңгээлинде реформа жасабай, жогорудагы көйгөйлөрдү алдын алуу жана болтурбоо үчүн комплекстүү аракеттерди көрүшү зарыл болчу", — деди педагог.
Ал мектептер окутуп гана эмес инсанды тарбиялап жана өнүктүрүп чыгарышы керектигин кошумчалады.