Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев тергөө абагынан чыкты

Өткөн жылы Жогорку сот Зилалиевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотуна ишти кайра кароого жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев тергөө абагынан бошотулду.
Биринчи май райондук соту билдиргендей, аткаминердин бөгөт чарасы өткөн жылдын декабрь айында эле өзгөртүлгөн. Ага ылайык, ал сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат жазып берген. Бул тууралуу жалпыга бүгүн гана маалым болду.
Жаңы Кылмыш-процессуалдык кодекс айыпталуучунун өкүм чыкканга чейин бир жылдан ашык абакта отурушуна жол бербей турганы белгиленди.

Зилалиевдин иши

Башкы прокуратура Зилалиевге мыйзамсыз жол менен байыган деген кине койгон. Ага ылайык, Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде бир катар мамлекеттик кызматтарда: Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, вице-премьер жана Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси болуп иштеп, расмий кирешесинен бир нече эсе көп мүлк сатып алган деп айыпталууда.
Зилалиев 2018-жылы 8-декабрда кармалган. УКМК анын банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар таап, үй-жайын тинтүүгө алганын айткан.
Ошондой эле Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон эле.
Ал эми 2018-жылы Зилалиев Биринчи май райондук соту тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн үч жылга шарттуу кесилген.
2021-жылдын июнь айында Жогорку сот Зилалиевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотуна ишти кайра кароого жөнөткөн.
Экс-президент Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды