БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Бирдирүүгө караганда, УКМКга Бажы кызматынын жетекчилери катышкан ири коррупциялык иштер боюнча маалымат түшкөн.
“Ага ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттар түзүлгөнү, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузгандыгынан, жашыруун схемалардын колдонулганынан кабар берет”, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, УКМК Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында тышкы экономикалык ишмердиктин субъектилери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталганын айтат.
Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кармалды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.