Жакында эле мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргыз туризм фондун өнүктүрүү боюнча буйрук чыгарды. Бул фонддун эң башкы милдети — резервдеги тур объектилерди инновациялоо, жаңы тур объектилерди куруу жана кыргыз туризминин маркетингин көтөрүү. Бул тууралуу Күлчоро Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда туристтердин коопсуздугу камсыздалбагандыктан экстремалдуу туризмге кызыккан гана адамдар келип жатат.
"Маркетинг аябай көп фактордон турган нерсе. Бул үчүн өзүнчө департамент керек. Азыр, тилекке каршы, Кыргызстан тууралуу интернеттен маалымат издесек, чындыгында 70 пайызы революция, деградация, талкаланган шаардын сүрөт, видеолору чыгат. Албетте, Кыргызстанды мурда көрбөгөн адамга бул маалыматтар негативдүү таасир калтырат. Ыңгайлуулукка көнгөн адам себеби жок мындай мамлекетке эс алганы келбейт. Андыктан интернет платформаларындагы Кыргызстан тууралуу терс маалыматтарды жаңы кооз сүрөттөргө, жагымдуу роликтерге алмаштырышыбыз керек. Азыр абдан таланттуу жаштар өсүп келе жатат. Эч кандай каржылоосуз эле тоолорго чыгып дрон менен видеолорду тартып, Instagram, Tik Tok социалдык тармагына жарыялап жатышат. Бул чет элдик серепчилер тарабынан жогорку баага ээ болууда. Мына ошол эле балдар департаменттин ишин алып кетмек", — деди Кадыралиев.
Ал "Манас" эл аралык аэропорту өнүккөн мамлекеттердин стандартына жооп бербегендиктен жана туристтердин коопсуздугу (медициналык, социалдык) камсыздалбагандыктан алыскы өлкөлөрдөн түз рейстер ачылбай жатканын кошумчалады.