Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Назарбаевдин дагы бир күйөө баласы Тимур Кулибаев кызматынан кетти

Кулибаев Елбасынын ортончу кызы Динаранын жолдошу.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы, белгилүү бизнесмен Тимур Кулибаев "Ата мекен" ишкерлердин улуттук палатасынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Анда Кулибаев кайрылуу жасап, өз ыктыяры менен кызматын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал "Ата мекен" ишкерлердин улуттук палатасын 2010-жылдан бери жетектеп келген.
Кулибаев Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын жолдошу. Мындан сырткары, ал KAZENERGY мунай газ жана энергетикалык комплекс ишканаларынын казакстандык ассоциациясына төрагалык кылат, 2011-жылдан тарта "Газпромдун" директорлор кеңешинин мүчөсү — көз карандысыз директору. Ошондой эле Казакстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти, аны менен катар эле бокс жана спорттун суудагы түрлөрү боюнча федерацияны жетектейт.
Белгилей кетсек, өткөн жумада Елбасынын жогорку кызматтарды ээлеген эки күйөө баласы да кызматтан алынган.
Башаламандык маалында Назарбаев өзү Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы башаламандыкта канча адам Алматыда каза болгону айтылды
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
УКК Назарбаевдин иниси Самат Абиш кайда экенин айтты