Шейшембиге карата аба ырайы

18-январга караган түнү көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак, тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. 18-январь, шейшембиде, күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Талас аймагында +3...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9 градус жылуу болсо, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө -2...-7 градус суук болору болжолдонду.
Күндүн табы Ош шаарында +7...+9, борбор калаада +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.
Өз алдынча дарыланбай, дарыгерге кайрыл! Мэрия номерлерди жарыялады