Ислам Каримовдун Өзбекстандан жолуккан небере кыздары. Сүрөт

Марьям Тилляева Москвада, ал эми Иман Каримова Лондондо жашайт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун небере кыздары Иман Каримова менен Марьям Тилляева акыркы сегиз жылдан бери биринчи ирет жолугушту. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Маалыматка караганда, Марьям Тилляева Москвада, ал эми Иман Каримова Лондондо жашайт. Алар мекенине келип жолугуп, бир катар архитектуралык эстеликтерге жана таятасынын бейитине барышкан. Мавзолей Самаркандда жайгашкан.
Белгилей кетсек, Иман Каримова Гүлнара Каримованын, Марьям Тилляева Лола Каримова-Тилляеванын кызы.
Аукционго коюлду. Гүлнара Каримованын укмуш кооз эс алуу жайынын видеосу