Радио

Исакова: мыйзам кабыл алынса Нотариалдык палата түзүлөт

Юстиция министрлигинин Нотариат жана апостилдештирүү башкармалыгынын башчысы Чынара Исакова жаңы мыйзамда аймактагы калктын санына жараша нотариустун санын бекитүү каралып жатканын айтты.
Sputnik
Мыйзамда жеке нотариалдык иш менен алектенүү лицензиясын беш жылга берүү, ошондой эле мөөнөтү бүткөн соң эгер нотариуска карата арыздар жок болсо 10 жылга экзаменсиз узартуу сунушталат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул жаатта иш алып барууну каалагандардын жаш курагы 25тен 70ке чейин болушу керек.
"Кыргыз Республикасынын нотариат жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча" мыйзам долбоору кабыл алынса, Нотариалдык палата түзүлөт. Аталган палатанын астында окутуу борбору ачылат. Ал борбор жаңы лицензия алып иштеп жаткан жеке нотариустардын кызматкерлерин окутуудан өткөрүп, азыр мамлекеттик нотариустар жасап жаткан иштерди үйрөтүп, квалификациясын жогорулатат. Ошондой эле мыйзам долбооруна ылайык квота маселеси каралган. Ар бир райондо калкынын санына жараша министрлер кабинетинин токтомунда бекитилген сандагы жеке нотариус иштейт. Себеби Кыргызстандын чоң шаарларында нотариус көп. Эгер мыйзам кабыл алынса, мисалы, Бишкекте 250 нотариус иштеши керек болсо, андан ашыгы иштей албайт", — деди Исакова.
Ал коомдун аярлуу катмарына нотариалдык кызматтардын айрымдарына белгилүү бааны бекитүү пландалып жатканын да кошумчалады.