БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, беш бекет 17-январь саат 17:00дөн тарта жарандарды өткөрө баштаган.
"Ак-Жол", "Чалдыбар", "Чоң-Капка", "Кең-Булуң" жана "Токмок" пунктулары Кыргызстандын жарандарын, чет элдиктерди жана жарандыгы жокторду Кыргызстанга да, Казакстанга да өткөрө баштады. Бирок Кыргызстанга жарандар эч бир тоскоолдуксуз кире алса, Казакстанга казак тарап белгилеген айрым чектөөлөрдү эске алуу менен киргизилет", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми "Ак-Тилек" пунктунда төмөнкүдөй чектөөлөр бар экени кабарланды:
Кыргызстандыктар менен чет элдик жарандарга "Ак-Тилек" аркылуу Казакстанга кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди;
Казакстандын Кыргызстандагы жарандары "Ак-Тилек" аркылуу мекенине кайта алышат;
Кыргызстандын Казакстандагы жарандары жана чет элдиктер "Ак-Тилек" аркылуу Казакстандан чыгып кете алышат.
"Каркыра" көзөмөл-өткөрүү жайы Кыргызстандагы казак жарандарын гана кабыл алат.
Жүк ташуучу унаалар "Ак-Тилек", "Чалдыбар" жана "Чоң-капка" пунктуларынан тоскоолдуксуз өтө алышат (COVID – 19 боюнча чектөөлөрдү эске албаганда). Ал эми жүгү жок жүк ташуучу транспорттор "Кең-Булуңдан" өтөт.