Коронавирустан үч адам каза болуп, 781 киши илдет жуктурду. Соңку статистика

Азыркы тапта стационарда 907, ал эми үй шартында 4 167 адам дарыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputniк. Өткөн суткада Кыргызстанда 781 адамдан коронавирус табылып, 102 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 658;
Ош шаары – 11;
Чүй облусу – 48;
Талас облусу – 14;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 14;
Баткен облусу – 27.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 190 468ге жетти. Анын ичинен 181 072 адам дартты жеңген. Азыркы тапта стационарда 907, ал эми үй шартында 4 167 адам дарыланууда. Ооруканада жаткандардын ичинен 318 бейтаптын абалы оор, ал эми 52 кишиники өтө оор деп бааланды.
Тилекке каршы, өткөн суткада оору үч адамдын өмүрүн алган. Аларды кошкондо 2 833 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Күчөгөн COVID: министрлик кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарга эскертүү берди