Окуя Мала-Мала деп аталган жаратылыш коругунда болгон.
Алсыз жаныбарды алгач кабыландар бактын башына алып чыгып кеткен. Тиштин уусуна чыдабаган улак маарап, бакырып, тыбырчылап жырткыч менен кошо жерге кулаган. Анткен менен карылуу чеңгелден чыга албаган кичинекей импаланы жаш кабыландын бир топко чейин эрмектеп, бирде тиштеп, бирде алдыңкы эки буту менен баса калып жатканын көрүүгө болот.
Видеонун алдына Нковени деп аталган кабыландын балдары ууга чыгуу жолдорун үйрөнүп жатканы туурасында жазылган.
Улактын жырткыч ага үстөмдүк кылган сайын буйтап, сүзгүлөп, каршы турганга аракет кылып, улам кетенчиктеп жатканы кадрга түшүп калган. Кайсы бир учурда экөөнүн тиктеше, баштары менен бири-бирине тирешип калганын да көрүүгө болот.
Бир учурда экинчи кабылан келгенде аны менен алышып жатканы улактын желкесинен шап тиштей калып бадалды көздөй чуркаганы, кичинекей импаланын тиштин уусуна чыдабай маараган бойдон кетип бара жатканы менен видео аяктаган.
Тема боюнча: