Бишкекте №6 мектеп-гимназия COVID-19дан улам онлайн-окутууга өттү

Окуучулар эртеңден тарта сабактарга онлайн катыша баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги №6 мектеп-гимназиядан COVID-19 менен ооругандар аныкталгандыктан сабактар онлайн-форматта өтмөй болду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
Анын айтымына караганда, эки окуучудан коронавирус табылган.
"Эртеңден тарта сабактар аралыктан өткөрүлө баштайт", — деди вице-мэр.
Ал ошондой эле дагы бир нече мектеп карантинге жабылышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Министрлик мектептер онлайн-окууга кандай учурда өтөрүн түшүндүрдү