Жогорку сот Атамбаевдин иши боюнча отурумду жылдырды. Мөөнөтү белгисиз

Жогорку сот ушуну менен экинчи ирет Атамбаевдин ишин карабай туруп башка күнгө жылдырды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жогорку сот мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ишин караган жок, отурум жылдырылды. Бул тууралуу мурдагы мамлекет башчынын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Ал процесс судьялардын бири ооруп калгандыктан жылганын айтып, кийинки отурум качан болору тууралуу Жогорку сот маалымат бере электигин маалымдады.
Буга чейин Замир Жоошев эгерде Жогорку сот Батукаев боюнча протоколун жокко чыгарса, Атамбаев коё берилиши мүмкүн экендигин билдирген.
Жогорку сот ушуну менен экинчи жолу Атамбаевдин ишин карабай туруп башка күнгө жылдырып жатат.
Декабрь айында Алмазбек Атамбаевдин эки иш боюнча камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылган. Жогорку сот 12-октябрда Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Батукаевдин иши боюнча Атамбаевге мурда чыккан өкүмдү кайра калыбына келтирген.
Биринчи май райондук соту 2020-жылдын июнь айында Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча 11 жыл эки айга кескен. Бишкек шаардык соту бир айдан кийин райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү жылдырылды
Садыр Жапаров: сот иштерине тиешеси болсо, президент да сурак бериши керек