Алайда 71 жаштагы аял изделүүдө. Сүрөт

Жоголгон аял өткөн жумада үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Милиция аны табууга көмөктөшүүнү өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Оштун Алай районунда милиция 71 жаштагы Бактыгүл Үсөнованы издеп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, аял 12-январь күнү болжол менен саат 14:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Жоголгон аялдын бою 160-165 сантиметр, толмочунан келген, бети тегерек, кара тору, чачын ак баскан, кыска.
Акыркы жолу башына күрөң өңдөгү береткага окшогон тумак, үстүнө кызгылт көк кофта, кара түстөгү шым кийип жүргөн.
Милиция Бактыгүл Үсөнованы көргөндөрдү же кандайдыр бир маалыматы барларды (03234) 5-14-72, (03232) 4-63-50, 0773 03 92 12 жана 0557 54 00 30 номерлерине чалып коюуну өтүнөт.
Сузакта дайынсыз жоголгон 28 жаштагы киши изделүүдө. Сүрөт