Бажы кызматынын кармалган жетекчиси Адилет Кубанычбеков тууралуу эмне белгилүү

Адилет Кубанычбеков 1981-жылдын 1-январында туулган. Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган.
Sputnik
2021-жылдын октябрь айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жарлыгы менен Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.
Ага чейин Чүй облусунда кыргыз-казак чек арасына жакын жерде жайгашкан Silk Way логистикалык борборун башкарган. Расмий аталышы — "Индустриал парк "Силк Вэй" ЖЧКсы.
ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, ага "Силк Вэй", "Кыргызнефть", "Кыргызэнергосбыт” сыяктуу компаниялар катталган.
Атасы Кубанычбек Бакиев 1977-жылдан тарта прокуратура органдарында иштеген. 2008-жылы башкы прокурордун орун басары болгон. Көзөмөл органынан алдамчылыкка шектелгенден кийин кеткен. Ага издөө жарыяланып, 2015-жылы кармалган. Бирок кийин кылмыш иши кыскартылган.
Кубанычбек Бакиев 2021-жылкы шайлоого Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шайлоо округунан талапкерлигин көрсөткөн.
17-январь күнү Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалды.