Матвиенко: ЖККУ уюмга мүчө-өлкөлөрдү түстүү революциялардан коргойт

Спикер кырдаалды убагында жөнгө салбаганда Казакстандын суверенитетине эле эмес, башка коңшу мамлекеттерге да коркунуч жаралмактыгын эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. ЖККУга мүчө-мамлекеттин кайсы биринде түстүү революция жасоого аракеттер болсо, уюм ал мамлекетти коргоого алат. Бул тууралуу РФ Федерациялар кеңешинин спикери Валентина Матвиенко "Россия 1" телеканалында "Москва.Кремль.Путин" программасында Павел Зарубинге маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Журналист ага ЖККУнун Казакстандагы иш-аракетине НАТО менен АКШнын берген баасы боюнча суроо узаткан.
"Биз (ЖККУ) олуттуу уюм экенин көрсөттүк. Кокус ЖККУга мүчө-мамлекеттердин биринде түстүү революция уюштурууга аракеттер болсо, уюм ал өлкөнү дайыма колдойт. Бул абдан маанилүү", — деген ал.
Матвиенко Россия менен Казакстандын чек арасы узун экенин эскерткен.
"Эгер бул кырдаалды убагында жөнгө салбаганда Казакстандын суверенитетине эле эмес, башка коңшу мамлекеттердин да суверенитетине коркунуч жаралмак", — деген спикер.
Анын айтымында, ЖККУ Казакстанда өзүнүн жөндөмдүүлүгүн, суроо-талапка ээ экенин көрсөткөн.
Борбор Азия, НАТО, баалуулук. Лавровдун маалымат жыйынындагы урунтуу учурлар
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргызстандык тынчтык орнотуучуларды чек арада кантип тосуп алышты. Видео