Радио

Бекбоева: ар бир экинчи адам кургак көз синдрому менен жабыркайт

Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн офтальмологу Кундуз Бекбоева бир нече сааттап бир жерди тиктеп тура берсе көз булчуңдары ошого ылайыкташып каларын айтты.
Sputnik
Көз булчуңдарынын эс алуусу үчүн 7-8 сааттан уктоо талап кылынат. Бул көрүүнүн начарлашын алдын аларын Кундуз Бекбоева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир экинчи адам кургак көз синдрому менен жабыркайт.
"Жумуш ордундагы жарыктандыруу бирдей жана жетиштүү болушу керек. Монитордо стол лампаларынын жарыгында же караңгы бөлмөдө иштөө көзгө күч келтирет. Узак убакыт бою компьютерде иштесеңиз ар бир 20 мүнөт сайын көзгө көнүгүү жасап, 2-3 мүнөт эс алдырууну унутпаш керек. Мисалы, терезеден айлана-чөйрөгө көз чаптырып, алыс жактарды карап туруу пайдалуу. Анткени бир нече сааттап бир жерди тиктеп тура берсе көз булчуңдары ошого ылайыкташып, өрчүбөй калат. Монитордон чыккан нур, радиация көздүн сырткы челин жукартып жиберет. Коргоочу көз айнек же монитордогу пленкалар көздү көп болсо 30 пайызга гана коргой алат. Болгону көздү бат-бат ирмеп турууну унутпаңыздар. Көздү нымдандыруучу тамчылатмаларды алып алсаңыз да жакшы жардам берет", — деди Бекбоева.
Офтальмолог ар бир үйдө тамактануу, уктоо боюнча эреже болушу керектигин, сабиз, алма, карагат, кулпунай, кызылгат өңдүү кычкыл жемиштер көзгө пайдалуу экенин кошумчалады.